• Предмет: Кыргыз тили
  • Автор: Aidar4342
  • Вопрос задан 11 месяцев назад

срочно отдам 25 баллов
1. Алыкул Осмонов жөнүндө кызыктуу маалымат таап жазасыңар

2. "Кыргыз тоолору" деген ыры эмне жөнүндө жазылган? Өз түшүнүгүңөрдү жазасыңар.

Ответы

Ответ дал: bekzatkasymbekov746
5

Ответ:

Алыкул Осмонов кыргыз элинин алгачкы жазма акындарынын эң ири өкүлдөрүнүн бири. Жаштайынан томолок жетим калып, Токмок балдар үйүндө тарбияланат. Мына ушул жерде адабий китептерге өтө кызыгып, өз алдынча ыр жазып баштайт.

14 жашында Фрунзе педагогикалык техникумга кирип 1928 – 1933-жж. окуйт. Ал жакта адабий ийримдерге катышып, орустун белгилүү жазуучуларынын чыгармалары менен таанышат. 

1930-жылы "Сабаттуу бол" гезитинин сентябрь айындагы санында биринчи жолу "Кызыл жүк" деген ыры басылып, адабий тушоосу кесилет. Ушундан баштап анын ырлары гезит, журналдарга үзбөй жарыяланат. 1933-жылы техникумду бүткөндөн тартып, ал биротоло чыгармачылыктын артынан түшөт. Дүйнөлүк адабияттын мыкты үлгүлөрүн үзбөй окуп, билимин, тажрыйбасын тереңдетет. 

Алыкул 1938-жылы 9-апрелде СССР Жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө өткөн. 1950-жылы Москвада орус тилинде жарык көргөн "Мой дом" аттуу ырлар жыйнагы адабият боюнча Сталиндик сыйлыктын талапкерлигине көрсөтүлгөн.

"Ленинчил жаш" гезитинде, "Чабуул" журналында иштеген. Кийин акындын бир нече ырлар жыйнагы басмадан жарык көргөн. Оригиналдуу акындык жүзү 1945-жылы чыккан "Махабат" аттуу жыйнагынан таасын көрүнгөн. Акындын поэтикалык жеңиши менен эстетикалык принциптери "Жаңы ырлар", "Менин жерим — ырдын жери", "Ата журт" жыйнактарында дагы бекемделген. Бул жыйнактар кыргыз поэзиясын мурда болбогон реалисттик жаңы табылгалар, терең философиялык мазмун менен байыткан.

Алыкул Осмонов 1935-1950-жылдар аралыгында ондон ашык ыр китептердин ээси болду. "Таңдагы ырлар", "Жылдыздуу жаштык", "Чолпонстан", "Махабат", "Жаңы ырлар", "Менин жерим — ырдын жери" деген жыйнактары жарык көрдү. "Мой дом" аттуу ырлар жыйнагы 1950-жылы Москвадан орус тилинде басылды. Бул китеп жалпы союздук окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынып, акындын атагын алыска таратты.

Кыргыз фольклоруна кайрылып, аларды кайрадан иштеп чыгуу боюнча да көп эмгектенген. Балдар адабиятына кошкон салымы чоң. Мындан сырткары, чоң котормочу экендигин дагы көрсөттү. Пушкиндин "Евгений Онегин", Крыловдун тамсилдерин, Шекспирдин "Он экинчи түн", "Отелло" трагедиясын, Шота Руставелинин "Жолборс терисин жамынган баатыр" жана башка авторлордун чыгармаларын кыргыз тилине которгон. Ошондой эле, бир нече драмаларды жаратты. Көптөгөн ырларына обондор жаралды. 

Калемдеш жана замандаштарына караганда Алыкул Осмоновдун таланты да, тагдыры да бөлөкчө. "Кудайга миң мертебе калп айтса да, ырына миң мертебе калп айта албаган" бул акын өзүнүн керемет поэзиясы менен адамдардын жүрөгүнө жашоонун не бир ажайып сулуулугун, кымбаттыгын жеткире алган. Алыкул өз өмүрүн ырсыз элестете алган эмес. Ошондуктан өмүрүнүн акырына чейин поэзияны ыйык туткан. Кудурети күчтүү табияттан анын сураганы да бир гана нерсе эле. Ал ыр болчу:

Мен турмушта сараң, ачкөз эмесмин,

Өктөө кылып: "Ай, аз бердиң", — дебесмин.

Байлык, үй-жай, ден соолуктан ардактуу,

Мага берсе, эки сабак ыр берсин.

Осмоновдун акындык жана адамдык сапатын мына ушул төрт сап ыр эле аныктай алат. Ал өмүр бою бул шертинен тайган жок. Улуу адам кайталангыс таланты менен өзүн өлбөс кылып жаратат. Алыкул да ошондой таланттардын катарына кирет. 

Бар бололу, түгөнбөйлү, курдаштар,

Узак, узак, узак болсун бул сапар.

Кылым бүтүп, дүйнөдөн жок болсок да,

Кайра кайтып жолугушчу жолдор бар.

Менин күнүм өлбөсүнө түңүлбөйт,

Толкун урса тайызына сүрүлбөйт.

Тирүүлүктө жоктугуна жол бербей,

Жер түбүндө чирисе да, бир гүлдөйт.

Акындын бир нече жыйнактары, поэмалары жана балдарга арналган чыгармалары орус, англис, эстон, казак тилдерине которулуп, төрт ыры япон тилиндеги "Дүйнөлүк акындар" альманахына кирген.

Ошондой эле, анын чыгармалары орто мектептерде, жогорку окуу жайларда кеңири окутулат. Өмүрү, чыгармачылыгы боюнча көптөгөн адабий, публицистикалык жана илимий эмгектер, китептер жазылуу менен кыргыз адабият тарыхында Алыкул таануу багыты улам кеңири кулач жайган.

Алыкулдун айрым чыгармалары табышмактуу сөздөрдү камтыганын байкоого болот. Профессор Осмонакун Ибраимов акындын табышмактуу сырлары боюнча бир катар пикирлерин айтып чыккан. Анын айтымында Алыкул Осмоновдун чечиле элек сыры — анын саясатка болгон мамилеси. Акын аттуунун баары жабыла партияны, Ленин менен Сталинди асман-айга теңеп ырдап жаткан мезгилде Алыкул дээрлик үн каткан эмес. Учур саясатын же жакшы, же жаман дебей, негизинен түбөлүктүү темаларды жазган.

Вас заинтересует