• Предмет: Кыргыз тили
  • Автор: symbatakmatova756
  • Вопрос задан 2 года назад

мекен жонундо уламыштар​

Ответы

Ответ дал: milanaalimbekova065
2

Кожожаштын көз жашы

- Мына, мени дагы ырдай баштады,- деди Кожожаш жалама зоо менен сүйлөшүп… – Менин кылымдарга жазылбас каргышка калган өмүрүмдү он сегиз миң ааламга таратып, уккандардын алтымыш эки тамырын сыздатып, жүрөктөрүн канатып, алган жарымды, ата-энемди, артымда калган элимди зар какшатып, кайберенди сайратып ырдай бермекчи эми, бу Камбаркан жаратмандын комузу.

Күнүгө нечен ирет асман тиреген бийиктикти көздөй жан талашып, боорунда жылмышкан бу көк бет мергенди өчөгүшкөн кайберен азгырып камап койгону – күңгүрөнгөнү ушул.

Аркар-кулжа, кийиктердин тукумун курут кылып, башка мергенчилерге окшоп Кожожаш алардын бири кем миңин аткандан кийин да курал-жарагын таштаган жок. Миңинчиси оңко турду. Өнөрүнө маашырланып, өзүн Улуу тоонун Кудайындай сезип туруп алды. Берилген аянга мыйыгынан гана күлүп, шертти бузду. Анан кайберендин нак өзү келип, мергенден текесинин кашык канын суранганына карабай, жалдырап ыйлаганына карабай сулатып, Сур эчкини теңине албады. Минтип каргышка калып, Авлетимдин аскасында асылып, акыйып кала берди…

- Сыздай бермекчи ушинтип, Камбаркандын үч кылы,- күрсүнүп бүтүп-бүтө элегинде көзүнөн бир тамчы жаш ыргып кетти.

Касиеттүү ыйык аска жеңилдене түштү. Козголо түштү. Анткени мергенди ичиндеги бугун төгүп алса деп тилей берчү. Көмөкөйүндөгү көк ташты ыргыта, камыкпай бир үшкүрүп алса дечү. Назили кыргыз да. Кайдадыр жактан закым жел жеткирген комуз күүсүнүн ырахатына, сыйкырына арбалды да.

- Бул эмнеси? – таңгалган мерген жылтыраган жалама ташка тамып, андан ары сызылып жөнөгөн бир тамчыны тиктеди.

- Бул сенин көз жашың,- деди комуз күүсү.

- Бул сенин көз жашың,- аскалардын кайталаган үндөрү жаңырып-жаңырыктап тарап жатты…

Азыр да айтылуу Авлетим аскасынын тегерек-чети купкургак бир бурчунда “тып-тып” этип, жылуу, шор даамданган бир тамчы суу тамып турат дейт. Кожожаштын көз жашы дейт.

Ысык-Көл

Көлдүн ордунда илгери байманасы ташыган шаар болгон экен. Кийин көрө албаган душмандар шаарды талкалап, бир да жанды тирүү калтырышпайт. Тек сейилдеп кеткен кырк кыз гана чапкындан аман калып, тууган-уругун таппай, жер менен жер болуп калган шаардын ордуна көз жаштарын төгүп ыйлашат. Ошентип, кырк кыздын көз жашынан көл пайда болот. Ошол себептен, көлдүн суусу көз жаштай жылуу жана туздуу келет дешет. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар экенин ким билсин, тек гана суунун астындагы шаар бир канча жолу изилденип, илимпоздор, археологдор тарабынан далилденип отурат. Андан башка, көлдүктөр толкун менен шиленип жээкке чыгып калган тарыхый мааниси бар буюм-тайымдарды таап алган учурлар да аз эмес. Ал тургай, айрым жээкке жакын жерлерден кадимки үйдүн жерпаясын көрүүгө да болот. Мисалы, андай жайлардын бири Корумду айылынын тушунан кездешет. Ал үчүн кадимки катамаран же калактуу кайык менен 100 метрдей сүзүп баруу керек, ошондо таштан куралган жерпаяны көрүүгө болот. Чынында, бул – шумдук көрүнүш. Себеби, жээкте эч нерсени сезбей эле шарпылдаган толкун менен сыдырым желге эреркеп отуруп, арыраак жылганда мындай көрүнүшкө туш болуу чындыкка карама-каршы тургандай сезилет. Ал тургай, курулушту суунун үстүнөн тиктесең, кадимкидей арбайт жана бир аз коркунуч туудурат. Ал эми суунун астындагы мындай жайлар Ысык-Көлдүн Сары-Камыш, Тамчы, Чоң-Сары-Ой, Чолпон-Ата, Бостери, Чоң-Ак-Суу, Темир, Ой-Булак, Жаркынбаев, Даркан, Барскоон, Тамга, Тосор айылдарынын тушунан жана Кара-Булуң, Түп булуңдарынан кезигет. Шаардын калдыктары дээрлик 100 метрден же андан бир аз алыс жерлерде, тереңдиги 0,5 же 10 метрлик жайда жайгашкан. Көл түбүндөгү эстеликтер Күнгөй, Тескей жээктерин бойлой жатат. Чопо идиштер, адамдардын, жаныбарлардын сөөктөрү, бышкан кыштар, металл, сөөк, таштан жасалган буюмдар II-XV кылымдарда суунун жээктери шаар болгонунан кабар берет. Ал эми айрым жерлерде бак-дарактардын тамырлары дале кездешет.

Объяснение:

можешь выбрать любой вариант)

Вас заинтересует