• Предмет: Кыргыз тили
  • Автор: kunduz070984
  • Вопрос задан 2 года назад

Эмне үчүн Ноорузда арчаны күйгүзүп,үй ичин жана короо жайын аласташкан??​

Ответы

Ответ дал: abdyshovak
4

Бул күнү күн менен түн теңелет.

Кыргызда эски жыл аяктап, эртен жаңы жыл деген күнү өткөрүлүүчү ырым-жырым салты "жыл ажыраш" деп аталган. Бул учурда арча, чекенди, адырашман түтөтүп үй ичин, мал-салды:

Алас, алас,

Ар балээден калас,

Эски жыл кетти,

Жаңы жыл келди.

Алас, алас,

Айдан аман,

Жылдан эсен,

Жакшылыкты теңир берди,

Жарык күндү кеңири берди.

Орообуз данга толсун,

Оозубуз нанга толсун!

Алас, алас - деп аласташкан.

Жаңырган жылда эл журттун, мал-жандын аман-эсен, тынч, кырсыктан тышкары жана эгин берекелүү болушун тилеп, кудайга, жер-сууга, тоо-ташка сыйынып жалынган, арпадан, буудайдан көжө, сүмөлөк кайнатып, ар бир үй-бүлө сый тамагын жасап, айыл-апасы менен чогуу ичишкен.

Вас заинтересует