• Предмет: Кыргыз тили
  • Автор: iskakovaalia4
  • Вопрос задан 2 года назад

8. «Дене тарбия ден соолукка табылбас дары» деген лакап боюнча түшүнү-
гүңөрдү жазып келгиле.

Приложения:

Ответы

Ответ дал: TiTAN0109
51

Ответ:Дене тарбия – тарбиялоонун жалпы системасынын адамдын ден соолугун чыңдоого жана дененин өсүшүнө арналган бөлүгү. Ал нравалык, эстетикалык тарбия жана политехникалык окутуу менен байланыштуу. Дене тарбия Байыркы Грецияда жана Римде өнүккөн. Орто кылымда Францияда Ф. Рабле, М. Монтель дене тарбияны акыл-ой, билим менен байланышта кароо керек дешкен. Педагог Я. А. Коменский педагогика эмгектеринде балдар гигиенасына, тамактануу жана ден соолук режимине, оюнга, машыгууларга өзгөчө көңүл бурган.

Орустун алдыңкы педагогдору жана коомдук ишмерлери В. Г. Белинский, Н. Г. Чернышевский балдардын дене тарбиясына чоң маани берген. Улуу педагог К. Д. Ушинский окуучулардын эске тутуу жөндөмүн өөрчүтүү, чарчаганда эс алуу үчүн дене тарбия сөзсүз керек экенин көрсөтүп, аны мектеп программасына киргизүү зарыл деп эсептеген. Мектеп жашына чейинки кенже балдарда дене тарбиянын негизи – баланы тазалыкта багуу жана туура тамактандыруу. Мектеп жашындагы балдарга дене тарбия атайын программа менен физкультура сабагында жана сабактан тышкаркы убакыттарда өткөрүлөт. Дене тарбияга жогорку окуу жайларында да чоң көңүл бурулат. Анын негизги каражаттары: гимнастика, спорт оюндары, туризм жана башкалар

Объяснение:


Аноним: ееееее мае
uuuurrrr875: торубу
uuuurrrr875: узур эже
pariabdyldaeva71: оа эжекелер
pariabdyldaeva71: тура
pariabdyldaeva71: азамат
pariabdyldaeva71: поможет
Вас заинтересует