• Предмет: Кыргыз тили
  • Автор: malikovaakbermet
  • Вопрос задан 2 года назад

Мекенди коргоо- биздин милдет
Мекен - зат атооч
- ди табыш жөндөмө
Коргоо - кыймыл атооч
Милдет- зат атооч
Үйгө тапшырмага 2 сүйлөмдөн жазып, талдоо жүргүзөбүз

2 сүйлөм түзүп, ушунтип талдоо кылып бергилечи сураныч))

Ответы

Ответ дал: BoJl4oKI
0

Ата-мекен – корголоп, уялап, жакындарыбыз менен бакыт издеп жашаган жер. Мамиле курабыз, эмгектенебиз, эс алабыз. Ата-мекен - ырыскыбыз чыккан жер. Коркпостон эмгектенип, адал эмгегибиз менен наныбызды тапкан жер. Ата-мекен - киндик каныбыз тамган жер. Төрөлүп, бапестелип, илим-билим алып, эрезеге жеткен жер. Ата-мекен – ата-бабаларыбыздын кылымдар бою ички жана сырткы душмандардан коргоп, бизге мурас жана аманат катары таштап кеткен жер. Аны коргоо жага кийинки муунга калтыруу биздин ыйык милдет.

Жакшыга жетүү кыйын, ал эми жакшыны колдо кармап калуу андан да кыйын. Өлкөбүздүн тынчтыгын жана бейпилдигин сактап калуу үчүн ата-бабаларыбыз канчалаган салгылашууну башынан өткөргөнүн тарыхтан билебиз. Дүйнөлүк аренада башка мамлекеттерден артта калбаш үчүн кандай гана эмгек жасалбаганын жа жакын тарыхтан билебиз. Салынган завод-фабрикалар, иштетүүгө киргизилген талаалар, казылып алына баштаган кен-байлыктар – улуттук байлыгыбыз. Сактап калып, өнүктүрүп, өнүгүүнүн дагы да жаңы багыттарын ачып кийинки муунга мурас калтыруунун амалдарын өздөштүрүшүбүз керек.

Ата-мекенге кызмат кылуу - бул ар бир адамдын ыйык милдети. Аны аткарбай туруп адам эч качан мамлекетке же жашаган жерине, жанындагы элине нааразы болгонго акысы жок. Бул жерде, канткенде ата-мекенге кызмат кыла алам деген суроо пайда болот. Мекенге кызмат кылуу ар түрдүү болот. Булар:

Элин-жерин сүйүү, коргоо жана колдоо. Ар бир атуул элинин намысын, наркын жана маданий баалуулуктарын коргой билиши керек. Элин ойлоп, ар бир адамды жакшылыкка чакырып, аларды колунан келгени менен камсыз кылуу, жардам берүү, калыс мамиле жасоо, эч биринин акысын жебөө, уурулук кылбоо - бул мекенди колдоо жана коргоо дегенди түшүндүрөт. Душманга элин, жерин сатпоо, душман элге улуттун сырларын ачпоо, кол салган душманга колу менен, тили менен, акылы менен туруштук көрсөтүү мекенди чын дилден коргоо дегендик.

Жан дүйнөсү менен берилип, таза иштөө. Ар бир атуул, кандай кесиптин адиси болбосун, өзүнүн ишин так жана таза аткарса, ал мекенине кызмат кылган болот. Врач чын дили менен иштесе мекендештери оорулуулардын саны аз болот, мугалим чын дили менен иштесе билимдүүлөрдүн саны көп болот, милиция кызматкери таза, чынчыл болсо кылмыштуулук аз болот. Кыскасы, ар ким ишин “элим үчүн, жерим үчүн” деп аткарса, таза иштесе, элибиздин жашоо стандарты жогору болмок, калкыбыз бейпилдик жана токчулукта жашамак.

Өз тарыхын унутпоо, каада-салтты көздүн карегиндей сактоо. Тегин унуткан манкурт болуп эсептенилет. Ал эми манкурттун элге да, жерге да зыяны гана тиет. Жакшы менен жаманды айырмалай билүү, жаш муунга жакшы насыйкат калтыруу да мекенге кызмат кылуу демек.

Канчалаган элдер тарыхтан жок болуп кеткен! Канчалаганы ар кайсы чоочун өлкөлөлөрдө баш калкалап жатышат! Ошондуктан, сактап калган жерибиз, салтыбыз, тарыхыбыз үчүн ата-бабаларыбызга терең таазим кылуу менен мекенди бизден кийинки муунга да мурас кылып өткөрүп берүүгө тийишпиз.

Сөздүн акырында Туркиянын Стамбул шаарында болгон окуяны кошуп кетмекчимин. Туркиянын эң эски жана тарыхый жактан зор мааниге ээ болгон Селимие мечитинин курулушу жүрүп жаткан. Ал жердеги эң оор болгон таштарды бөлүп тегиздөө иштеринде иштеген жумушчулардын ой пикирин билүү максатында Мимар Синан (мечиттин архитектору) алардын жанына барат. Алгач кезиккен ишчиден: «Тууган, эмне кылып жатасың?» - деп сурайт. Ошол эле замат: «Сен эмне көрсүңбү? – деп бакырат ал ишчи. – Мына бу кесилиши мүмкүн болбогон таштарды кесип, уста башчысынын каяктагы бир буйругу менен күн мээни кайнаткан ысыкта тозоктун ишин кылып жатамын». Мимар Синан ал жерден тез узап кетет. «Кайрымдуу иш кылып жатканы менен элдин баары ушундай ойлойбу?» - деп санааркай баштайт ал. Ошол эле ишти кылып жаткан экинчи кишинин жанына барат да ага суроосун кайталайт: «Тууган, эмне кылып жатасың бул жерде?» Ишчи: «Бул аска таштарын биздин уста башчысынын айтуусу боюнча планга ылайык жайгаштыруу үчүн формасына тууралап кесип жатам. Иш оор, кызыксыз, бирок үй бүлөм үчүн акча керек. Эмнеси болсо да ишим бар, бош жүргөн жокмун. Ак эмгек менен адал нан таап жатам. Ошого да шүгүр деп иштеп жатам. Мындан да жаман болушу мүмкүн эле да». Бир аз өзүнө келген Мимар Синан үчүнчү ишчиге барат да ошол эле «эмне кылып жатасың?» деген суроону берет. Анда ал ишчи: «Көргөн жоксуңбу, - деп колун көккө жаят, - Зор мечит салынып жатат бул жерге, а мен ошол мечиттин салынышына өз салымымды кошуп жатам. Урпактарга мураска калуучу улуу мечитти салууга ак эмгегимди жумшап жатам. Балдарыбыз жана неберелерибиз бизди кийин бизди ушул эмгегибиз менен эскерип турат. Бул улуу иштин кыйынчылыгын биз тартсак дагы жыргалчылыгын балдарыбыз көрөт эмеспи. Демек, бул жакшы иш».

остольное не влезло

Вас заинтересует