Ответы
Ответ:
23-сентябрь Кыргыз Республикасынын улуттук тил күнү. Тилибиз - Биринчи Белгибиз Азыркы күндөрдө эне тилибиз - кыргыз тилин өнүктүрүү, көрнөк-жарнактарды так, сабаттуу кыргызчалаштыруу, иш кагаздарын өз тилибизде жүргүзүү жөнүндө массалык маалымат каражаттарында көп айтылып, жазылып жатат.
Бул, албетте, биз үчүн зарыл, келечек ээлери жаш муундарыбызга эң эле керектүү жана мааниси зор маселе. Ошондой болсо да тиешелүү уюмдар менен мекемелер, тилчилер менен мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия, ММК-лар ж.б. жүргүзүп жаткан активдүү аракеттер менен иш чараларга карабастан күн тартибине коюлуп отурган масаледе али көп кемчиликтер, бут тосуулар болуп, айрыкча айрым басылмаларда, теңирден тескери, ал гана тургай ачыктан ачык зыяндуу үгүттөөлөр пайда боло калып жаткандыгы туурасында айтылууда. Эмне демекчибиз: ар бир жаны, келечектүү башталыштар алгачкы жолунда ар кандай тоскоолдуктарга дуушар боло тургандыгы турулуу көрүнүш эмеспи.