Срочно! дам 20 баллов Составьте сочинение (дил баян) на тему: тарыхта кооноргус изи калды тологон касымбековдун омуру чыгармачылык жолу ​​

Ответы

Ответ дал: namazbek200612
0

Ответ:

Жазуучу Төлөгөн Касымбеков Аксы районундагы Ак-Жол кыштагында 1931-жылы 15-январда туулган. Орто мектепти бүтүп, эки жыл баштапкы мектептерде мугалим, Кичи-Ак-Жол айылдык советинин жооптуу катчысы болуп иштеген.

Касымбеков Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин 1957-жылы бүтүрүп, Кыргызокуупедмамбастын балдар адабияты боюнча редакциясынын редактору, 1960-1973-жж. "Ала-Тоо" журналында бөлүм башчы, жооптуу катчы, башкы редактор, 1973-жылы Кыргыз ССР Министрлер Советинин басма, полиграфия жана китеп соода боюнча мамлекеттик комитетинде башкы редактор, 1974-1981-жж. Кыргызстан жазуучулар союзунда адабий консультант, 1987-жылы ВААПтын Кыргызстандагы бөлүмүнүн башчысы болуп иштейт.

Т.Касымбековдун "Кичинекей жылкычы" деген чыгармасы 1952-жылы "Советтик Кыргызстан" журналына (кийинки "Ала-Тоо") басылган.

"Адам болгум келет" повести 1965-жылы "Советский писатель" басмасынан орус тилинде басылган. "Сынган кылыч" тарыхый романы орус тилине которулуп, андан кийин Советтер Союзунун бардык элинин тилине которулган. 1980-жылы "Прогресс" басмасы бул романды англис тилинде чыгарган. Башка чыгармаларынын арасында Кыргызстандын тарыхын ХIХ кылымдын ортосунан баштап ХХ кылымдын башына чейин баяндаган "Келкел", "Чапкын", "Баскын", "Кыргын" деген романдарын атаса болот.

Белгилүү жазуучу 1959-жылдан тартып СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон. 1986-жылы "Кыргыз эл жазуучусу" наамын алган.

1990-1994-жж. Кыргыз Республикасынын Эл депутаты, тил, маданият жана билим боюнча, улуттар аралык парламенттик комиссиянын жетекчиси жана эркин Кыргызстан Жазуучулар союзунун башчысы болгон.

Сынган кылычты" жазууда Төлөгөн Касымбеков зор чыгармачылык түйшүк тартып, изденип, бараткан багытынан бирде табылга таап, бирде тайып адаша калып, канча жолу көздөгөн нокотун алып, канча жолу жаза сермеп, өзү менен өзү тереңдеп күрөшүп, өзүн өзү сындан өткөргөнү, ар утуштан энчилеген артыкча руханий асылдануу ырахаттары жекече жан дүйнөсүндө болгондур. Роман басылып чыгууда татаал тосмолорго туш келген.

Жазуучунун "Келкели" жарыяланганга чейин аябай көргүлүктү көрсө, "Сынган кылыч" окурмандардын колуна тийгенден кийин андан татаал тагдыр күтө баштады (экөөнүн тең жолу оор болгон). Биринчи китеби да (1966), экинчи китеби да (1971) көркөм сөз ышкыбоздору тарабынан абдан жылуу кабыл алынып, калайыктын калың катмарына тез тарап, ага делген кызыгуу жанбай уланып, Шералы, Абил сыяктуу каармандары ылакап атка көчүп, кыргыз арасында өзүнчө эле бир элдик чыгармага айланып кетти. Кыргызча да, орусча да кайра-кайра басылып, башка тилдерде эркин сүйлөп, ал эмес, англисчеге да жетти. Жалпы союздук окурмандар менен адабиятчы-сынчылар В. Озеров, В. Щербина, В. Оцкоский, С. Плеханов, Л. Лебедевдин көңүлүн өзүнө буруп алууга жарады.

"Сынган кылыч" 60-жылдардын экинчи жарымы менен 70-жылдардын башында кандай кызыгуу туудуруп окулса, азыр да ошондой эле ыкылас жандырып окулуп жатат. Ага ышкы артуу эртең да басаңдабайт, нары улана берет, өзүнчө маанилүү себептери бар, учурунда чечмеленет. Бул маселенин бир жагы. Ушул эле убакыт, ушул эле көркөм процесстер аралыгында "Сынган кылыч" эки жолу тагдыры "саясий кылычтардын" мизине коюлуп, эки жолу катуу чабуулга кабылып, эки жолу кайра ордуна келди.

Сыйлыктары. Адабиятка сиңирген эмгеги үчүн В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына "Каарман эмгеги үчүн" медалы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланган. 2005-жылы Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн "Кыргыз тили" төш белгиси, "Даңк" медалы, 2001-жылы I даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган. 2006-жылы КРдин Мамлекеттик Токтогул сыйлыгынын лауреаты болуп, 2006-жылы "Кыргыз Эл Баатыры" наамы ыйгарылып, "Ак шумкар" менен белгиленген. Ал эми 1998-жылы "Руханият" эл аралык ассоциациясынын сыйлыгы берилген.

Кыргыз эл жазуучусу Төлөгөн Касымбеков 2011-жылы 17-июнда 80 жашында дүйнөдөн кайтты.

Вас заинтересует