• Предмет: Кыргыз тили
  • Автор: kadyrovnaasia937
  • Вопрос задан 6 лет назад

9. Мектептин китепканасынан же интернет булактарынан С. Чокморов жә- нүндө маалымат таап келгиле. Маалыматты төмөнкү план боюнча айтып бергиле. 1) с. Чокморовдун төрөлгөн жылы, жери, алган билими; 2) Ал тартылган кинотасмалар; 3) С. Чокморов жөнүндө белгилүү адамдардын пикирлери.
Помогите срочно пожалуйста умоляю​

Ответы

Ответ дал: sabirovajanna864
3

Ответ:

Ал 1939-жылы Аламедин районунун Чоң-Таш айылында туулуп өскөн. Сүймөнкул кичинесинен сүрөт тартууга шыктуу болгон.Ал 7-класстан кийин Бишкектеги сүрөт окуу жайына кирет. Аны ийгиликтүү аяктаган соң, окуусун Санкт-Петербургдагы Сүрөтчүлөр акдемиясында улантат. С.Чокморовдун устаты улуу сүрөтчү С.А.Чуйков болгон. С.Чокморов актерлук искусствого да абдан кызыккан. Ал кыргыз искусствосунун белгилүү актерлорунун бири болгон. «Жетинчи ок», «Эрте жаздагы турналар», Жамийла», «Кызыл алма», «Ысык-Көлдүн кызгалдактары» жана «Улан» аттуу кинолордо башкы ролдорго тартылган. Өзүнүн ролдорун чеберчилик менен аткарып, элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон. Актердук таланты менен кыргыз маданиятын бийик көтөргөн. Анын эмгеги бааланып, ага «Кыргыз эл артисти» деген наам ыйгарылган.

Объяснение:

Вас заинтересует