• Предмет: Қазақ тiлi
  • Автор: 01928342
  • Вопрос задан 6 лет назад

мәлімет Жүсіп Баласағұн туралы​

Ответы

Ответ дал: adiaitiev
3

Ответ:

Жусуп Баласагын — дүйнөлүк руханий маданияттын ири өкүлдөрүнүн бири.

Улуу ойчул, акын, саясат таануучу, мамлекеттик ишмер Жусуп Баласагын 1015-жылы, айрым маалыматтар боюнча 1016-жылы Карахандар каганатынын Чүй өрөөнүнүн чыгышындагы азыркы Токмок шаарына жакын жерде жайгашкан биринчи борбору — Баласагын шаарында туулган

Жусуптун өмүр баяны жөнүндө азырынча толук маалыматтар жокко эсе. Бирок, автор өзү жөнүндө жазып кеткен кээ бир фактыларды анын "Кутадгу Билиг" ("Кут алчу билим") поэмасынан кездештирүүгө болот. Окумуштуу Р. Араттын эсеби боюнча поэманы жазып бүткөн мезгилде Жусуп 54 жашта болгон. Ал поэманы Баласагын шаарында баштап, 1067-1070-жж. Кашкарда аяктап, баш аягы 18 айда бүтүргөн, хандын ханы деп аталган Кашкар шаарынын башкаруучусу Тавгач Буура Карахан Абу-Али-Хасанга тартуу кылган. Ал поэманын терең мазмунун түшүнүп, алкыш иретинде акынга "Улуг-Хасс-Хажиб" деген наам берген. Мунун мааниси "Хасс" арабча хан сарайдагы урматтуу адамдардын бири, ал эми "Улуг-Хасс-Хажиб" хан ордосунда кызмат өтөгөн өтө кадырман адамдын наамы.

1069-1070-жылдары Жусуп Баласагын жазган түрк тилиндеги "Кутадгу билиг" ("Куттуу билим") эмгеги дүйнөнүн көп тилдерине которулган

Вас заинтересует