• Предмет: Кыргыз тили
  • Автор: bogoleykarina6642
  • Вопрос задан 6 лет назад

жат жазуу 8 класс "Ата насааты" ,срочно нужен текст пжжжжжжж!!!!!!!!!!!⚠️❗⚠️❗⚠️❗⚠️❗⚠️❗⚠️❗⚠️❗⚠️❗⚠️
даю 30 баллов ​

Ответы

Ответ дал: akylbekovaaidana0101
2

АТА НАСААТЫ.

Оо "Ата " деген кандай ыйык,аруу улуу сөз.

Ал эми Ата болуу андан да мүшкүл.Ата— бул эбегейсиз зор дөөлөт,жоопкерчилик,чеберчилик,кылдат мамиленин ээси,турмушта жөлөк,кыйынчылыкта таяныч,акылман кеңешчиң Ата— Эне болуп эсептелет.

БИР ДААНЫШМАН ӨЗ УУЛУНА МЫНДАЙЧА НАСААТ КЫЛДЫ.

— Уулум калайыктын өзүңө кайрымдуу болуусун кааласаң,оболу өзүң калайыкка кайрымдуу бол.Өз мээнетиң текке кетүүсүн каалабасаң,калайыктын ак мээнетин бекер кетирбе,сая кылба.Абройлуу болууну кааласаң,элпек бол.Адамдар сени маскарлап күлбөсүн десең,жүрүм— турумуңду оңдогун.Кадыр— баркым ашсын десең,башкаларды сыйлай билгин.Көпчүлүктүн өзүңө дос болуусун кааласаң,адамдарга колуң,тилиң менен азар көрсөтпөгүн.Урмат— сыйга ээ болууну кааласаң,мүмкүнболушунча мал— мүлкүңдү муктаждардан аябагын.Телегейи тегиз бир жан болууну арзуу кылсаң,өзүңө ылайык келбеген ишти бөтөндөргө да ыраа көрбөгүн.Дилиң ооруп,урушушту каалабасаң, ачуулуу акмак адамдар менен сөз талашып олтурба.Бейгам болууну кааласаң,чектенашкан кызганчаак болбогун.Кайгы азаптан,ыраак болууну кааласаң, колуңдан кеткен нерсеге өкүнүү менен кайгыра бербегин.Дос— жоролоруңдун көбөйүшүн кааласаң, ачык жүздүү, ширин сөздүү бол.Эч кимге кек сактаба.Сырыңдын ашкере болуусун каалабасаң,досуңа да ооз ачпа.

Вас заинтересует