• Предмет: Литература
  • Автор: tmoldalieva3990
  • Вопрос задан 7 лет назад

жаз мезгили дилбаян эссе
болгулачы сураныч​

Ответы

Ответ дал: akmatbekkajzan
0
Жаз мезгили – бул баары кыш мезгилинен чарчап, күткөн жыл мезгили. Жаз мезгилин көптөн күттүргөн мезгил деп көп аташат. Жаздын алгачкы белгилери кыш мезгилинин февраль айында эле билине баштаган учурлар болот: күн кичине эле катуураак тийсе салаңдап тоңгон муздар эрип баштайт, тамчылар шаңдуу үн чыгарып, жаз мезгили жакындап келе жаткандыгын эске салат. Мындай көрүнүштөн соң ызгаар болуусу, кар жаашы мүмкүн, бирок жакынкы арада жаз мезгили келип, өзүнүн жылуулугун тартуулап кубантарын баары түшүнүшөт. Күн асманда узак убакытка кармалып, асман жаркырап, коюу көк түскө бөлөнөт, бардык жерде кар эрип, булактар агып баштайт. Жер дагы эле муздак, ным, тыкыр, а кардын калдыктарынын арасынан эң алгачкы гүлдү көрүүгө болот, ал байчечекей деп аталат.
Вас заинтересует