Кенеш Жусупов краткий конспект на кыргызском​

Ответы

Ответ дал: aigulzk1979
6

Ответ:

Жазуучу Кеңеш Жусупов 1937-жылы 14-апрелде Кыргызстандын Нарын облусундагы Нарын районуна (мурдагы Тянь-Шань районун) караштуу Он-Арча айыл өкмөтүнө кирген Эчки-Башы айылында туулган.

Өз атасы - Сыдыкбек Иманаалы уулу. Энеси Турдубүбү Молдогазы кызы атасына он алты жашында эле чыгып, андан он үч бала төрөгөн.

Кеңеш алардын туну болгон.

Бирок Сыдыкбектин агасы Жусуп менен анын биринчи аялы Турумбүбү балалуу болбой жүргөндө, алар Кеңешти асырап алышкан. Мындай окуялар кыргыздарда бир туугандардын арасында кадыресе окуя болгон.

Кийинчерээк Жусуп аялы Турумбүбү менен ажырашат. Кеңешти чоң энеси Уулбала бапестеп, эрке кылып чоңойтот.

Жусуп ата Сүйүнгө үйлөнөт, андан Мукаш, Жумабек, Кубан, Турат, Мурат, Марат деген уулдуу жана Дамира деген кыздуу болот.

Бирок Жусуп ата менен Сүйүн апа Кеңешти улуу баласындай көрүп, мыкты тарбиялайт.

Жусуп Иманалиев айылдагы көрүнүктүү агартуучулардан жана жетекчи кызматкерлерден болгон.

1937-жылы Жусуп жалган жалаа менен "контр-революционер" катары айдалып, Нарын шаарында жана Бишкекте (ал кездеги Боронзодо) абактарда отурат. Тээ Архангельск шаарына чейин ар кыл абактарда отуруп, эки жылдан соң абактан бошонуп кайтат.

Вас заинтересует