Ответы
Ответ:
менен даярдалган туунду болуп эсептелет.
“Атанын тагдырынын” ийгиликтүү чыгышында биографиялык фактордун да роль ойногондугун эске алуу керек. Бексултан Жакиевдин балалык курагы 40-жылдарга туш келип, ал согуш мезгилиндеги жана согуштан кийинки элдин оор турмушун өз көзү менен көрүп, далай-далай тагдырларга, үй-бүлөлөрдүн драмаларына күбө болгон. “Атанын тагдырынын” негизине алынган драмалык окуя кезегинде Бексултан Жакиевдин өзүнүн башынан өткөн. Баштан кечирген окуяны жасалмасы жок өзүндөй берүүгө, автордун умтулушу пьесанын эмоционалдык-психологиялык стилистикасына, сюжеттин ич жактан чыңалган драмалуулугуна өзүнүн терең таасирин тийгизген. Бексултан Жакиевдин “Атанын тагдырындагы” психологизмдин көркөмдүк түсү өзгөчө. Бул чыгармадагы психологизм жалпы эле адам аттуунун психологиясы эмес, Эшматка да, Ташматка да, Иванга да, Павелге да, жармаштыра бере турган психология эмес.
Аталган драмадагы психологиялык процесстер белгилүү бир конкреттүү каармандын, конкреттүү инсандын конкреттүү социалдык жагдай-шарттар, окуялар менен шартталган жан дүйнө кубулуштары.
Маселен Акылбек карыянын келини Зууранын психологиясын, ички толгонууларын, санаркоолорун башка бир аялдын жан дүйнөсү менен чаташтырууга мүмкүн эмес. Драмадагы психологизм чыгарманын биринчи көрүнүштөрүнөн тартып сахнада пайда болгон дал ушул Зууранын кыймыл-аракетинен башталат. Бул драмада тышкы көрүнөө окуялуулук азыраак, тескерисинче, каармандарда психологиялык активдүүлүк күчтүү. Чыгарманын башталышында Зууранын өзү менен өзү күбүрөнүп сүйлөшүүсү – ички монологу, анын жан дүйнөсүндөгү түйшөлүүлөрү, эки анжы болууларды карма-каршылыктуу, ой- сезимдерди,көңүл манайларын ачыкка чыгарып отурат. Бексултан Жакиев драматургиялык жанрдын таасирдүү каражаттарынын бири болгон ички речти жана ичтен жаңырган үндөрдү (Акылбектин, Бурулдун үндөрү) ыктуу жана табигый пайдаланган. Буга чейинки кыргыз драматургиясында ички речти пайдалануу сейрек көрүнүш эле. Дегеле, Акылбек атанын – башынан аягына чейин психологизмге ширелген образ. Кайсы гана сахна болбосун, ал көрүүчүгө ич жагынан ачылып көрүнөт. Акылбектин небереси Жеңишбекти жаакка чаап таарынтып алып, андан кийин жасакерленгендей дүкөндөн велосипед сатып келип, баланы издеген эпизод да психологиялык жактан таасирдүү жана ишенимдүү чыккан. Ал эми ат арытып келини Зуурага барып, Жеңишбекти ала албай кайра келгенден кийинки Акылбектин оор ички абалы да көрүүчүнү кошо толгонтуп, кыйын абалга салат. Күйүтү күч абышка кызынын суроосуна жооп берүүгө кудуретсиз. Анын психологиялык чоо-жайынын оор экендигин сөзгө караганда “унчукпайт” деген кыска ремарка алда канча терең жеткирип жатат. Драма жалаң эле сырткы кармаш эмес, тескерисинче ой-сезимдердин ички динамикасы экендигин ушул “Атанын тагдыры” аркылуу дагы бир ирет ынансак болот. Акылбек карыя өзү туш болгон рухий кризистен оптимисттик дүйнө тааным аркылуу чыгат. Аталардын жолун улай турган муундар, Болотбектин өмүрүн улай турган Жеңишбек турганда мекен да, эл-журт да, өзү да өлмөк эмес. Пьесанын акырында балдар тигип өстүрүп жаткан бак түбөлүк өлбөстүктүн символу катары чыгарманын финалына терең мазмундук масштабды берип турат. Жеңишбектин образы анын речи, кыймыл-аракети, айланасына жасалган реакциялары, сахналык жүрүм-туруму аркылуу кашкайта тартылган десек жаңылышпайбыз.
Тилинен заар чачкан какчыңдаган Оңолкандын речи ушунчалык элестүү, кайталангыс курулгандыктан бул образ эсиңден чыккыс болуп сакталып калат. Оңолкандын Зуура келинин кагып-силкип, кемирип-жеп турган эпизодун эске түшүрөлү. Минтип Оңолкан гана сүйлөшү мүмкүн. Мындай речти Оңолкандан башка жер үстүндө эч ким сүйлөй албас эле. Адамдын мүнөзүн мындай таамай берген драмалык речти куруу устаттыгы кыргыз драматургиясында сейрек кездешет