• Предмет: Кыргыз тили
  • Автор: adelinaermamatova08
  • Вопрос задан 1 год назад

Курманбек эпосу дилбаян .Даю 50 баллов​

Ответы

Ответ дал: timablackgarayev
1

Ответ:

не понял ваш вопрос не понял ваш вопрос повторите его и я вам отвечу

Ответ дал: medinaaklbekova
6

Ответ:

КУРМАНБЕК”  эпосу Орто Азия, Могол хандыгы, казак, ногой элдеринин тарыхында «калмак доору” аталып, эл эсинде, оозеки чынармалыгында катаал кезең  катарында бааланган 16–18-кылымдардын аралыгындагы тарыхый окуяга, Курманбек, Аккан сыяктуу тарыхый инсандардын реалдуу  өмүр-баянына негизделип түзүлгөн көркөм чыгарма. Окуянын  өткөн орду да реалдуу, ага Чыгыш Түркстандагы Кашкар, Жаркент, Кара Шаар-Камбыл, Орто Азия аймагындагы Анжыян, Кокон, Аксы, Алай, Жазы (Яссы) сыяктуу шаарлардын жана  жер, суу аттары кирген. Чыгарманын тарыхый негизин Курманбектин тарыхый адам экендигин, жашаган мезгилин, отурукташкан ордун, коңшу хандыктар м-н түзүлгөн дипломатиялык байланышын, калмак төбөлдөрү менен болгон согуштарын белгилүү даражада аныктай турган фактылар тарыхый уламыштык, аңыз-аңгемечилик материалдардан жана  тарыхый булактардан да орун алган. Алсак, 1947-ж. А. Чоробаев Жалал-Абад областы, Сузак р-ну, Калмак-Кырчын сельсовети, Таран-Базар кыштагынын тургуну Шырдак карыядан Калмак-Кырчын уламышын жазып алып, анда илгерки заманда кыргыз-кыпчак уруусунан Курманбек аттуу баатыр чыгып, калмактар менен урушуп, алардын мизин кайтарып, баш ийдирип тургандыгы баяндалат. Жер кыдырып Кашкарга барып, Кашкардын каны Аккан менен достошуп кайтат. Ал кезде Курманбектин ордосу Кызыл-Суу деген жерде жайгашат. Арадан бир канча жыл өткөндө уулдуу болот. Аккан токсон нарга пул жүктөп, досунун баласын жентектеп келе жатып, Күлдөмбөс деген жерге жеткенде Корун аттуу калмактардын төрөсү  Курманбектин ордосун курчап алып согушуп жаткандыгын угат. Уруш бир канча  күнгө  созулуп, Курманбек душманды жеңип, Кызыл-Суунун батыш жээгине калмактын колун боо түшүрүп кырат. Ошондон улам «калмак кырчындай кырылды” деген сөз калып, согуш өткөн аймак «Калмак-Кырчын” аталып калат. Демек, Курманбек жашаган мезгилде ушул аймакта калмак-кыргыздардын ортосунда катуу согуштун болгондугу реалдуу окуя. Ал ошол уруш өткөн жердин «Калмак-Кырчын” аталып калышы менен да бекемделет.

Объяснение:

Вас заинтересует