• Предмет: Кыргыз тили
  • Автор: nurajymbakytbekova20
  • Вопрос задан 6 месяцев назад

Жараланган жүрөк дил баян жазуу. Помогите пж

Ответы

Ответ дал: Maxic321
1

Ответ:Бирок бул маанилүү тарыхый теманы, кыргыз элинин башына түшкөн азаптар менен тозокторду эң биринчилерден болуп кыргыз жазуучулары жана акындары жазып чыкканын ыраазычылык менен эстешибиз керек.

Аалы Токомбаев “Жараланган жүрөк” повестин жаратты, атактуу “Кандуу жылдар” романын ыр менен, өзү айткандай “жүрөк канын сыя кылып” жазды. Ысак Шайбеков “Кайран эл”, Абылкасым Жутакеев менен Калык Акиев “Үркүн” деген чыгармаларды, Касымалы Баялинов классикалык “Ажар” повестин, Жусуп Турусбеков “Ажал ордуна” музыкалуу драмасын калтырды.

Качкан кыргыздардын мал-жанынан ажырап, Кытайга, башкача айтканда бөлөк эл, бөтөн жерге келип жеткени аты аталган чыгармаларда, айрыкча М.Элебаевдин “Узак жолунда” укмуштуудай так жана реалдуу сүрөттөлгөн. Эл эми октон же куугундан эмес, ачкадан, жол кырсыгынан, оору-сыркоодон кырыла баштаган.

Бедел менен Ак-Ѳгүздүн ак кар көк муздуу ашууларын ашып, Каркыра аркылуу Кытайга өткөн сан миңдеген качкындар тууралуу бир катар баалуу эскерүүлөр сакталып калды. Көркөм адабиятта А.Токомбаевдин “Кандуу жылдар” романындагы Ак Өгүздүн ашуусу тууралуу жазгандары, балким, эң эле күчтүү чыккан эпизоддор десек жаңылбайбыз го.

Вас заинтересует