? 1. Тоголок Молдо ким болгон? Анын жашоо турмушу кандай болуптур? Сабатсыздыгын кантип жойгон? * 2. Ал эмне учун Тоголок Молдо атыгып калган? Акын кайсы жанрга негиз салган? Бул жанрда жазылган чыгармаларын атап бергиле. 3. Көркем сөз өнөрүнө кызыгуусуна, акындык, манасчылык чеберчилигинин өсүп- өнүгүүсүнө кайсы акын, манасчылар таасир эткен?
Ответы
Объяснение:
Кыргызстан
КЫРГ
Тоголок Молдо — өмүр баяны
15:34 19.09.2015
МОЛДО ДЖАБАЕВ - Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүү
Жазылуу
Новости
Telegram
Кыргыздын улуу акындарынын бири Тоголок Молдо жөнүндө Sputnik Таржымалынан таанышыңыз.
Тоголок Молдонун өз аты Абдырахман уулу Байымбет. Акын Нарындын азыркы Ак-Талаа районуна караштуу Күрткө айылында 1860-жылы жайдын алгачкы күндөрү кедей дыйкандын үй-бүлөсүндө жарыкка келген. Байымбеттин атасы Абдрахман кыргыз ырларын мыкты билген, эл арасында ырдай калып жүргөн шыктуу адам болгон.
Эл оозунда айтылып жүргөндөргө караганда, эртелеп сабатын жоюп, тамга таанып калган кара тору тоголок жүздүү Байымбетти айылдагы келин-кесектер Тоголок Молдо деп тергеп алышкан. Эл оозуна алынып, акын гана эмес "Манасты", "Семетей" менен "Сейтекти" айткан, аларды кагаз бетине түшүргөн чебер катары тарыхта калган аты да ушул Тоголок Молдо.
Өз заманынын сабаттуу адамдарынын бири, Тоголок Молдону кыргыздын биринчи жазма акыны деп да аташат. Ал карапайым эл арасында агартуучулук иш алып барган алгачкы инсандардан. Сабаттуу болууну эңсеген акылы зирек, чыйрак бала кичине кезинде эле бир нерсе үйрөтөр деген үмүт менен айылдын молдосуна жалданып малайлык кылган…