• Предмет: Кыргыз тили
  • Автор: tootaevba
  • Вопрос задан 5 месяцев назад

Написать без ошибок

Приложения:

Ответы

Ответ дал: areyouok645
0

Ответ:

Көч жармы ченде ак тайлактуу топ көрүндү. Чачпактай

кара бээ минген зайып жүгүнүн үстүнө кызыл шырдак жабылган каймал жетелеп келет. Ак тайлак жай булутундай таза. Селкилдеп логлоп кайра жөн басып энесинин артында.

Айрымач эрлүү жорго тай минген жаш бала демитип камчы

менен түртүп коюп ак тайлактын жинине тийип ойноп келет. Ак тайлак ойдолой бере балага кичине айбат кыла «буу»

деп тегерек капкара көздөрүн жайнатып башын чулгуп ал дагы бала да, оюнга өзү шерик, сеңселип маңган сайын мойнундагы жылаажын шыңгырап барат. Алардын соңунда

үйдүн бойго жеткен кызы.

Кыздын мингени күмүш жабдыктуу тору кашка айгыр.

Кызыл манат темингинин чачылуу жибек түймөлөрү эки

үзөңгүдөн төмөн самсалап айгырдын ак шыйрагына кылтылдатып сеңселип келет. Кыз жолдо жардап турган кишилерди карап жашыл жердин сый чапанына түшкөн жамачыдай болуп жаткан чарчы эгин тилкелерине сонуркап

колдорун жайган бойдон былк этпей катып тарунун ичинде

турушкан каракчыларды кишиби деп, былк этпегенине таңыркап уйку толгон көздөрүн сүзүлтүп көч аягында. Кундуз бөрктүн үкүсү үлпүлдөп күндүн абазкөй көзү күлүп алатамак шуруга ойноп жылтылдап кыздын сулууча жүзүнө

нур тартты. Кара чачтары беш көкүл. Мажүрүм талдын

кырчынындай майда.

Т. Касымбеков

Вас заинтересует