• Предмет: Кыргыз тили
  • Автор: myjzambekovaperizat
  • Вопрос задан 4 месяца назад

Текст с "сын атооч даражалары" создайте пожалуйста

Ответы

Ответ дал: au1vaa09
2

Ответ:

Кыргыз тилинде сын атоочтун 4 даражасы бар:

1.Жай даража- Заттын белгисин кандай нормада экендигин билгизип, атайын мүчөлөрдүн жардамысыз, уңгу түрүндөгү сапаттык сын атоочтор аркылуу жасалат: кызыл, сары, ак, көк, кара, жашыл, ачуу, кен, сүйрү жана башка. 

2.Салыштырма даража-Заттагы бир эле белги экинчи заттын белгиси менен салыштырылат. Салыштырууну чыгыш жөндөмөсүнүн -дан жана -ыраак мүчөсү уюштурат. Бал канттан пайдалуу. Замира Берметтен кичине. Москва көп шаарлардан кооз (коозураак). 

3.Күчөтмө даража-Заттардын сын-сыпатын күчөтүп, өтө жогору же өтө төмөн экендигин көрсөтөт да, төмөнкү жолдор менен жасалат.

• а) эң, өтө, абдан, чымкый, чылк деген ж. б. күчөткүч бөлүкчөлөрдүн жардамы менен жасалат: эң чоң, өтө күчтүү, абдан жакшы, чымкый кызыл.

• б) сын атоочтун толук кайталанып же кыскарып айтылышы аркылуу жасалат: кыпкызыл, упузун, капкара, сапсары, бийик- бийик тоолор, кооз-кооз үйлөр, сонун-сонункөчөлөр ж.б.

• в) затташкан сын атоочтор күчтөмө даражаны уюштурат: мыктынын мыктысы, сулуунун сулуу су жана башка.

4. Басаңдатма даража- Заттагы белгинин нормалдуу белгиге жете бербегендигин же анын басандатылып айтылышын билдирет, төмөнкү мүчөлөрдүн жардамы менен жасалат:

• -ыш - агыш, көгүш

• -гыл - киргил, чаңгыл

• -ылжым, -ылжын - көгүлжүм, көгүлжүн

• -гыч - саргыч

• -гылт - кызгылт

• -гылтым - кызгылтым ж.б.


myjzambekovaperizat: Не совсем точно но спасибо
Вас заинтересует