• Предмет: Литература
  • Автор: jhvgv
  • Вопрос задан 5 месяцев назад

Ажар повести на кыргызком конспект нужен

Ответы

Ответ дал: muhtarovmuhamet238
4

Объяснение:

кыргыз адабиятындагы туңгуч повесттердин бири. 1928-ж. жарык көргөн. Повесттин башкы каарманы - Ажар аттуу жөнөкөй кыргыз кызы. Касымалы Баялиновдун бул чыгармасын өткөн кылымдын 20-жылдарында татар, казак, өзбек адабияттарында жана алардын таасири астында жаңыдан калыптана баштаган кыргыз жазма адабиятында негизги темалардын бири болгон кыз-келиндердин эзилген турмушу жөнүндөгү чыгармалардын катарына кошууга болот. Бирок композициялык курулушунун өзгөчөлүгү чыгарманын башкы темасы тууралуу ачакей пикир жаралышына негиз берет. Анткени чыгармада башкы каармандын тагдырына тикелей тиешеси жок эпизоддор бир топ орун ээлеп, аларда 1916-жылдагы Үркүндүн кейиштүү сүрөтү тартылат. Бул окуялардын трагизми баш каармандын тагдырынын трагизминен кем калбайт. Үчүнчү бөлүктүн ортосунан, энеси Батма ооруга чалдыккандан кийин гана окуялар Ажардын айланасында жүрө баштайт.

Вас заинтересует