• Предмет: Кыргыз тили
  • Автор: arapbaevat
  • Вопрос задан 4 месяца назад

"Сарала ит" Аман Саспаев дил баян срочно пожалуйста

Ответы

Ответ дал: bekaemilbekov2
0

Ответ:

Башкы бет Дасмия САСПАЕВ Аман АМАН САСПАЕВ: САРАЛА ИТ

САСПАЕВ Аман: АМАН САСПАЕВ: САРАЛА ИТ

АМАН САСПАЕВ: САРАЛА ИТ

АҢГЕМЕ

Мурда дайыма көрүп жүргөн, кадимки бир Сарала иттин өмүрү кийинки күндөргө чейин эсимде сакталып, көп ойлорду туудурду. Жандуулардан бул өңдүү жүүнү бош, өзүнө кайдыгер караган немени аз кезиктиребиз. «Дүйнөдөгү ар бир нерсе жашоо үчүн күрөшөт» дейбиз. Андай болсо анын жашап жүрүшү да күрөшсүз болбоого тийиш. Бирок Сарала иттин жашоосу андай эмес.

Мени да, башкаларды да ойлонто турган нерсе ушул Сарала иттин тирүү кезинде «ау» деп бир ирет үргөнүн же бирер аял короосунан кууп чыкканда, бөйрөгүнө тийген муштумдай таштын зардабынан «каңк» этип койгонун уккан эмеспиз. Ит башы менен мынчалык чыдамкайлык жана сабырдуулукту кайдан үйрөнүп алышына эмнелер себеп болгонун билүү кыйын. Мүмкүн, ал жашоо үчүн күрөшүүдөн тажаса керек. Өмүрдө кездеше берүүчү сансыз карама-каршылыктар анын жалынын өчүрүп, баш көтөргүс кылып салса керек. Карап турсаңыз, бечара ар качанда өзүнүн жалпы аалам алдында кылмышкер экенин сезген немедей кишилерге, малдарга, ал түгүл өсүп турган чөптөргө да жалтаң карайт. Эң бир өкүнүчтүү жери – байлоодогу тиши кычышкан иттер да түн ичинде аны көрсө да көрмөксөн болчу же мүлдө көрчү эмес.

Ал эми бечаранын башка иттерге болгон шыгын айтмакчы болсок: жолбун итти көргөндө жаны бар ар кандай ит кыйратып таштоочудай үрүп жетип барарын, анан ага кыр көрсөтүп, куйругун чагарактатып, а жер бу жерин жыттап көрөрүн элдин баары билет. Бирок жолбун ит кезигишип калган күндө да Сарала ит ага тик карап койгон эмес. Быйпыйып, дайыма тердеп жүрүүчү мала кызыл мурдун ишке салып, таштандыларды, уңкул-чуңкулдарды жай гана шимшип жүрө берчү. Деги анын жүрүшүнүн өзү бир башкача эле, кажет болгон бир багытты көздөй, алаксыбай шыдыр кетип баратканын эч ким билбейт. Ал эми бир эле орунга айланчыктап, шимилеп туруп да алчу эмес. Аны бирде коруктан, бирде көчөдөн, бирде короодон көрүп калчубуз. Күн күйүп турган ысыкта да бирер бактын түбүндө тилин чыгарып көлөкөлөп жатканын көрбөдүк.

Биздин көчөнүн эркектери Сарала иттин жарык дүйнөдө өмүр сүрүп, ары-бери басып, тапканын жеп, жан сактап жүргөнүн капарларына да алышпайт. Ал эми көчөнүн аялдары кандайдыр көңүл буруп, аны «ууру ит» деп жаман көрүшөт. Бечера Сарала ит таяк жеп, короодон куулуп чыккандан кийин өзүнүн алсыздыгынан көргөн кордугун жарым секундда унутуп коюп, дагы баягысындай эле эч нерсе болбогонсуп башын салып, жай басып баратканын көрөр элем. Ал көбүнчө күнөөсүз эле куула берчү. Ошол куулуп баратып артына бир кайрылып карачу да эмес. «Карап коюунун канчалык кажети бар, карап коюу менен мен эмнени кыйратам!» — деп ойлогонсуйт же кишилер өзүн кууп жүрүп урбай турганына абдан ишенип калса керек. Чынында да аны эч ким алыска кууп таштаганы жок. «Чык» деген сөзүнө тиешелүү өкүм сөз шалпайган кулагына жетери менен жер карап, деси кайтып ары басчу…

Ал бир санда жок макулук болгондуктан, иттер жамаатына да, адамдарга да тырмактын агындай пайда келтирбеген бойдон кетти. Эгер башка иттерди туурамыш болуп, үйүгүшкөн иттердин жанында жөн эле жандап жүргөн болсо, анда иттер жамаатына салымы бар деп айтууга болор эле. Ал эми адамга пайдасыздыгы жөнүндө айтпасак да болот.

Илгери аны канчалык таптап бакса да, бир ирет үрүп ээсин кубандыра албаптыр. Өлтүрүүгө кыйбаган соң, андан жадаган ээси: «Бар эми, күнүңдү көр!» — деп бошотуп жиберген. Эгер ал ээсинин короо-жайын коргоо максатында эмес, деги өз өмүрүнөн зеригип болсо да үн чыгарып койсо, анда ал адамдар үчүн аз болсо да эмгеги бар деп таанылмак. Сарала иттин бардык кылык-жоруктарын ойлоно келгенде, ар кандай адам анын сенделип тирүү жүргөнүнөн көрө тезинен өлүп калсачы деп ойломок. Анткени ал бир пайдасыз жан эле. Өсүмдүктөр дүйнөсү да өзүнөн урук калтырыш үчүн күн нурун талашып, биринен бири бийик өскүсү келерин ойлогонумда Сарала иттин иттигин мүлдө кечире албасмын!

Вас заинтересует