• Предмет: Кыргыз тили
  • Автор: nargizahanravshanovn
  • Вопрос задан 5 месяцев назад

7. Учурга жараша кандай кийинүү керек, кеңеш бергиле. Мектепте, жаратылышка эс алууга, кинотеатрда, театрда, туулган күндө, майрамда, конокто, шаарда сейилдөөдө. үлгү: Биздин оюбуз боюнча, мектепке .. Биздин оюбуз боюнча, жаратылышка эс алууга чыкканда Биздин оюбуз боюнча, кинотеатрга барганда Биздин оюбуз боюнча, театрда Биздин оюбуз боюнча, конокко барганда .. Биздин оюбуз боюнча, шаарда сейилдөөдө ​

Ответы

Ответ дал: arapbaevabylaihan
0
Биздин оюбуз боюнча мектепке эркин кийип барган жеңилирек, а бирок мектептин өзүнүн формасы бар.

Биздин оюбузча жаратылышка, эс алууга барганда бир топ жеңил, ыңгайлуу анан да күндөн сактоочу баш кийимдерди кийишибиз зарыл.
Көп учурда жөө басып калышыбыз ыктымал, ошондуктан бут кийимдин бышыгын тандашыбыз керек.

Биздин оюбузча кино театрга барганда эркин, бирок ошол эле учурда тыкан кийинишибиз керек, мисалы көйнөк м-н шым, туфли, кыздарга да ошондой.

Биздин оюбузча театрга абдан жакшы кийинип барышыбыз керек, адеп, искусство башаты дал ошол жер эмеспи, кийген кийимибиз ал коомдук жайга дал келсе абдан жакшы болот.
Мисалы кастюм шым.

arapbaevabylaihan: Коноко барганда өтө кыска эмес, мүмкүн болсо узун кийинип барганыбыз адепке жатат. Шым, жеңи бар кофта. Балдар да ошондой кийсе.

Туулган күнгө маанайды көтөрчү ачык түстөгү, маанай берчү кийимдерди кийгенибиз туура болот. Анан албетте бизге эң жакканын.

Сейилдөөдө аба ырайына жараша жай саратан болсо, бир аз жеңил анан ыңгайлуу болсо, жай мезгили болсо ар түстүү кийинсек туура болот!
Вас заинтересует