• Предмет: Кыргыз тили
  • Автор: madinochka28
  • Вопрос задан 3 месяца назад

жаратылыш жонундо баяндама срочноо​

Ответы

Ответ дал: aidan308
6

Ответ:

жаратылыш чөйрөсү – адамзат турмуш-тиричилик өткөргөн айлана-чөйрөнүн табигый бөлүгү; адам баласын курчаган жаратылыштын бөлүгү, айлана-чөйрөсү. Ал адамды курчап турган жандуу жана жансыз жаратылышты, анын ичинде адам баласынын таасири тийбеген, ошондой эле түрдүү деңгээлде антропогендик өзгөрүүлөргө дуушарланган, бирок өз алдынча табигый өнүгүүсүн токтотпогон же жарым-жартылай өнүгүүсүн жоготкон (мисалы, арасынан кыйылып кеткен токой массиви, аңыз жерлер, кырылуудан сакталып калган жапайы айбанат популяциясы ж. б.) чөйрөнү бүт камтыйт. Адам баласынын таасиринен түп тамырынан бери өзгөргөн табият, башкача айтканда жасалма жол менен пайда болгон техногендик чөйрөнүн айрым элементтери (мисалы, таштанды каналдар, парктар, тоо-кен таштандылары ж. б.); эгерде адам баласы алардын абалына дагы кийлигишпесе, анда алар бара-бара табигый чөйрөнүн бир бөлүгү болуп кетиши да мүмкүн

Вас заинтересует