43. Жазып алып, бир өңчөй аныктоочтордун астын сызгыла. Алардын кайсы сөз түркүмүнөн экенин айтып бергиле. 1. Дервиш жаратылышынан жумшак, тартынчаак адам эле. (М. Г.) 2. Дүйнөдөгү сулуу жана асыл нерселердин бардыгын барктап, сүйө билиш керек. (Т. А.) 3. Жанагы ачуу, катуу сөздөрдөн кийин мени атып салууга да акысы бар эле го. (К. Ж.) 4. Жашыл этек, ак чокулуу тоолорго карап, оозун ачып эстеп, керилип, чоюлуп алды. (Ч. А.) 5. Адамгерчиликтүү, боорукер адам өзүнүн адамгерчилиги жөнүндө ооз ачпайт. (Т. А.) 6. Өрөөндө да, тоолордо да таптаза, кар жатат. (М. Г.) 7. Өмүрүндө бирөөгө багынбаган, багынууну эч качан ойлобогон, тизе бүгүп бирөөлөргө жалынбаган Карабек Каныбектин бул кылганына жаны чыгып кете жаздады. (К. Ж.) 8. Өзүмдү айкөл, күйүмчүл, боорукер адам катары көрсөтөйүн деп келгеним жок. (Т. А.) 9. Кайрымдуу, акылман, адил мырза делип, атагыңыз алда кай- да кеткен экен. (Т. А.)
Приложения:

Ответы
Ответ дал:
6
Ответ:
1) жумшак , тартынчаак (сын атооч)
2) сулуу, асыл (сын атооч)
3) ачуу, катуу (сын атооч)
4) жашыл этек , ак чокулуу (сын атооч )
5) адамгерчиликтүү, боорукер (сын атооч)
6) таптаза (наверное )
7)
8) айкөл, куйумчул , боорукер (сын атооч)
9) кайрымдуу , акылман, адил ( сын атооч)
Вас заинтересует
1 год назад
1 год назад
1 год назад
1 год назад
2 года назад
2 года назад
8 лет назад