• Предмет: Кыргыз тили
  • Автор: albinakrmnbkv
  • Вопрос задан 2 месяца назад

Дилбаян: "Сынган кылыч" Т.Касымбеков​

Ответы

Ответ дал: darinadeadinside69
5

Ответ:

Катталуу

Кирүү

Жеке шаймандар

[жашыруу]

Мазмуну жашыруу

Башына кайтуу

Каармандар

Kотормолору

Интернетте

Интернетте бөлүмчөсүн көрсөтүү/жашыруу

Электрондук басылмасы

Аудио китеп

Интернеттеги шилтемелер

Сынган кылыч

Макала

Талкуу

Окуу

Түзөтүү

Булагын түзөтүү

Тарыхын кароо

Аспап кутусу

Сынган кылыч

Жазуучу Касымбеков Төлөгөн

Өлкөсү  ССРС

Тили кыргыз

Жанры тарыхый романы

Сынган кылыч -- Касымбеков Төлөгөндүн тарыхый романы. Романда, Орусия империясынын Түркстанды учурдагы Орто Азияны басып алышындагы айрым жергиликтүү башкаруучулардын ойногон ролун, калктын көтөрүлүшүн усталык менен талдап берет.

Бул роман кыргыз элинин улуттук тарыхындагы өзүнчө бир доор - Кокон хандыгы мезгилиндеги элдин коомдук абалын көркөм сүрөттөгөн тарыхый роман. Чыгармада айрым коомдук өнүгүүнүн терең катмарларына жасалган тарыхый экскурстарды эске албаганда да, Алим хан такка олтурган 1801-жылдан Исках-Болот хан даргага асылган 1876-жылга чейинки 75 жыл ичиндеги элдин башынан өткөн окуялар чагылдырылган. 75 жыл бир кылымга жакын убакытта элдин күрөшү, мүдөөсү, ойлоп тапкан амалы бир максатка багытталган. Ал - өз алдынча, көз карандысыз мамлекет куруу, улултук намыстын туусун бийик кармоо, улуттук эркиндикти эңсөө. Жазуучу эркиндиктин, көз карандысыздыктын символу катары канаттуунун падышасы - бүркүттү тандаган. Элдин эркиндиги хандык тарабынан тушалып, журт кыйналган мезгилдин жеке көрүнүшү. Колунан бүркүтү учуп, кайра өзүнө кол салып, көзүн оё чокуган Сарыбай мүнүшкөрдүн трагедиясы аркылуу берилген. Жазуучу өзү тутунган бул идеяны ишке ашыруу үчүн Сарыбайдын трагедиясы менен гана чектелбейт. Жалаң салык салуу менен элди сокур Сарыбайдай жүдөтүп, карайлаткан Кокон хандыгын кулатуу үчүн болгон күрөштө эл ичинен суурулуп чыккан кол башчы Исках-Болот хан «Бүркүт план» түзөт. «Бүркүт план» менен элдик көтөрүлүштүн күчү көркөм сүрөттөлөт. Ошону менен бирге Исках колго түшөөр күнү кароол таштын үстүнө чыгып, өз «ааламын» тегерете тиктеп турганда кайдан-жайдан бүркүт учуп келет. Бүркүттөй эркиндикти эңсеген Исках-Болот мындай дейт: «Оо кайран баатырдыктын, бийиктиктин кырааны. сөөлөтүн кара, келбетин кара...» “Баатыр куштун шаңшыганынан “Кел, кайран эр, учалы! Пастык, ыпластык жок жайларга, чагылгандуу кара булуттун нары үстү жайнап турган жарык күнгө чабыт кылалы. Жүр, кайран эр” – деген чакырык уккандай чөккөн көңүлү көтөрүлүп, эркиндикти самоо, тилөө, ардуу толгон жүрөгү лак-лак согот”. Чебер сүрөткер Т. Касымбеков чыгармада жогорудагыдай эпизоддор аркылуу “Элдик турмуштун жан сырын” – негизги элдик мүдөөнү чагылдырган. Эркиндик жөнүндөгү кылымдар бою калыптанган элдик түшүнүктөн улам, балким, кайра жаралган эгемендүү Кыргызстандын гербинен бүркүттүн сүрөтү орун алды. Чыгарманын тарыхый роман катары кийинки муундарга берүүчү нравалык сабагы арбын. Анын кийинки 1998-жылкы кайра басылышында “Сынган кылыч”, “Кел-кел” романындагы түндүк–түштүк кыргызды бириктирүү идеясын чагылдырган Алымбек жана Курманжан даткалардын саясий ишмердүүлүгү тууралуу окуялар жөнүндөгү автордук ой дагы тереңдеди. Улуттук биримдиктин зарылдыгы, анын куну чыгармада түбөлүккө баш кошуп мамлекеттин кичинекей бөлүкчөсү болгон бир үй-бүлө ээлери датка жубайлар Алымбек датка менен Курманжан датканын саясий ишмердүүлүгү аркылуу берилиши да (анын тарыхый негизи да чындык) символикалуу. Жазуучу түндүк-түштүк кыргыздардын ынтымагынын наркын жогорку чеберчиликте сүрөттөй алган. Романдын “Сынган кылыч” деп аталышы да бекеринен эмес. Окурманга белгилүү, чыгармада кылычка сыйынат, кылыч менен курмандык чалынат, кылыч менен адам башы кесилип, топтой томолонот, кылыч байланып сапарга аттанышат, кылыч белекке берилет. Бул жөнүндө жазуучу өзү мындай дейт: “Кыргыз элинде “назарын сындырба”, “шагын сындырба” деген сөз бар. Мындай сөз көбүнчө кичүү менен улуунун ортосундагы мамиледе көрүнөт. Улуу адам кичүү киши бир нерсеге умтулган, үмүт кылганда ага камкордук кылып шагын сындырбоо керек. Ал эми бул роман – кыргыз рухунун тебелениши, улуттун өз жеринде өзүнүн кор болушу, саны аз улуттун көп сандуу улуттар тарабынан басмырланышы”. “Сынган кылыч” өзүнүн көркөм аянты, идеялык-тематикалык проблематикасы, образдар системасы, структуралык түзүлүш жагынан татаал чыгарма. Анда тээ тарыхтын терең катмарында жаткан санжыраларга жасалган экскурстар менен бирге Алтынбешиктен тараган 13 муундун тагдыры, Ферганага бий болгон Теңиряр, андан туулган мыкты уул Нарбото бийдин улуттук үчүн болгон демилгеси, анын баласы Алим хандын Кокон хандыгына биринчи хан шайланышы XIX кылымдагы кыргыз элинин коомдук саясий абалы, анын жашоо шарты, экономикасы, башка элдер менен болгон байланышы, маданияты, нарк–нускасы, дини, салт–санаасы эрикалык кеңири планда сүрөттөлөт;

романда байыркы чыгыштын дидактикалык маанайдагы санат–насыят ырлары (Календердин ыры) элдик көркөм чыгармачылыктын өзгөчө түрү болгон кошоктор (Курманжан датканын кошогу), улуттун кайгы-кубанычын үч кылына сыйдырган ком:

Вас заинтересует