• Предмет: Кыргыз тили
  • Автор: mirovmanap16
  • Вопрос задан 1 месяц назад

Молдо Нияз конспект на кыргызском​

Ответы

Ответ дал: datkaiym9
2
МОЛДО НИЯЗ Эрназар уулу (1823, Кадамжай р-ну –1898) – жазгыч акын, агартуучу жана кыргыз тилинде эң алгач кагазга түшүрүлгөн поэтикалык текст – «Санаттар” аттуу кол китептердин автору. Алтынчы атасынан наркы бабаларынын ысымына «бий” деген сөз кошо айтылганына караганда (Сазан бий, Кочкор бий, Болот бий ж. б. ) теги түптүү болуп келип, кийинки аталары дин кызматына, дыйканчылыкка ж. б. турмуштук жагдайларга аралашып кетип, кийин жардыланып калган. Мис., бешинчи (бабага) атасы Молдо Рахимдин салтын улантып, бала чагында айылдык молдодон окуп, андан ары Каратегиндеги медреседен окуусун улантып, Маргалаң менен Кашкарда билимин тереңдеткен.
Вас заинтересует