• Предмет: Кыргыз тили
  • Автор: madinochka28
  • Вопрос задан 1 год назад

молдо нияз акынга 200жыл напишите эссе пожалуйста дам 30бальов​

Ответы

Ответ дал: y4707434
0

Ответ:

Жазма адабиятыбызды баштоочулардын көч башында залкар акын Молдо Нияз да турат. Ал 1823-жылы Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылына караштуу Кара-Дабан деген жерде, айтылуу Шаймерден суусунун алабында туулуп, 1900-жылы дүйнөдөн кайткан. Анын сөөгү Шаймерден айылындагы Хамза Хаким-заде Ниязинин күмбөзүнүн жанындагы эски көрүстөнгө коюлган. Ата теги бий, миң башы жана молдо болуп өткөн Молдо Нияз элибиз жапырт сабатсыздыктын кучагында калган, Орто Азияга Россия, Британия, Түркия, Кытай кызыгуусун арттырып, дүйнө бөлүштүрүү учурунда жашаган. Ислам дини жаш Ниязга зор таасир тийгизип, окуп жазганды үйрөнүп, атүгүл жаштайынан ыр жаза баштаган. Буга анын Чыгыш адабияты менен таанышканы жана өзүнүн таланты түрткү болгон. Анын энеси айылдагы мыкты кошокчулардан болгону белгилүү.

Вас заинтересует