• Предмет: Кыргыз тили
  • Автор: cotoevasajka
  • Вопрос задан 1 месяц назад

Барпы Алыкуловдун жөнүндө конспект жазгыла срочно дам 20 баллов ​

Ответы

Ответ дал: sagynbekovasamina
1

Ответ:

Барпынын чыгармачылык ишинин башталышы эки кылым тогошкон мезгилге туш келет. Акын Октябрь төңкөрүшүнө чейинки чыгармаларында элдин караңгылыкка кептелип,оор күндөргө туш болгонун, ал эми үстөмдүк кылган таптын өкүлдөрү өкүмүн өктөм жүргүзүп элди эзип жатканын, өзүнө окшогон жарды-жалчылардын күнүмдүк кунарсыз тирилигин ырдады. Чыгармачылык жактан такшалуу, ойдун конкреттүүлүгү, алдыга, келечекке болгон умтулуу, прогрессивдуү кадамдар акындын "Тендик бир күн жарк этер"деген ырынан ачык байкалат. Акын эс тарткандан эле социалдык теңсиздикти баамдап, эзилүүчү ким экенин

ажырата баштайт. Ошондо эле анын ар кандай теңсиздикке, акыйкатсыздыкка, алдамчылыкка каршы сезим ойгонуп калганы чыгармачылык эволюциясынан даана байкалып отурат.

Барпы акын катары калыптанып отуруп, эми чыгармачылык тематикасын башка багытка бурду. Акындын "Алдамчы эшен", "Сукмолдо", "Мадалы ажыга", "Эмчилерге", "Эмне бар бул жерде", "Сопу" деген ырлары дин өкүлдөрүнүн ашкан алдамчылыгын ашкерелейт. Мунусу үчүн Барпы жазага да тартылып жүрдү. Бирок жеринен акыйкат адам ага болмок беле, аларды мыскылдап, тартынбай бетине чындыкты айтып, чыгармачылыгын бул багытта улам күчөтүп отурду. Барпыны "дин базар", мусулманчылыкка каршы адам деп айтууга болбойт. Ал мусулмачылыкты элден кем эмес туткан. Жогорку ырларында акын айрым молдо, сопу, эшендердин динге жамынып алып жасаган жагымсыз иш-аракеттерин, элди алдап, башын айлантып жатканын ашкерелеген.Барпынын мыкты акын катары улам калыптануусу анын сүйүү ырларынан да даана көрүнөт.

Вас заинтересует