• Предмет: Кыргыз тили
  • Автор: aibekenm
  • Вопрос задан 2 месяца назад

Ата эне жонундо эссе жазуу​

Ответы

Ответ дал: ARDAMAN
0

Ответ:

Ар кимдин ата-энеси бар. Сенин атаң - чоң атаң менен чоң энеңдин баласы, апаң - тай атаң менен тай энеңдин кызы. Ар бир ата-эне балам чоңоюп, эресеге жетсе, адам болсо деп тилейт: баласын тамак-аш, кийим-кечек менен камсыз кылат, таалим-тарбия берип өстүрөт. Ата-эненин балага болгон мээрими, көргөн камкордугу, келечегинен күткөн үмүтү чоң. Атаң менен энең сенин бактылуу балалыгың, кайгы-капасыз жаштык чагың үчүн кам көрүп, окуп билим алышыңа, эмгекке үйрөнүп, акыл-эстүү болуп чоңоюшуңа ыңгайлуу шарттарды түзөт. Балага ата менен энеден жакын адам болобу? Ата-энелердин бала үчүн кылган эбегейсиз зор эмгегин эмне менен өлчөөгө болот? Сенин баскан-турганың, ар бир жакшы кылык-жоругуң, ата-эненин жүрөгүн элжиретип кубанычка бөлөйт. Мектептен алып келген төрт же беш деген баа атаң менен энеңдин төбөсүн көккө жеткире кубандырарын унутпа. Тескерисинче, кетирген кемчиликтериң, окууга, ишке болгон эринчээктигиң, шалакылыгың, ата-энеңди капалантып, сары санаага түшүрөрүң да дайыма эсиңде болсун. Сен алардын эмгегин сыйла, урматта! Бош убагыңда колдон келишинче үй жумушуна жардам бер. Ата-энең менен сыймыктан!Адамгерчилик, ак ниеттүүлүк, эмгекти сүйүүнү да негизинен ата-энеңден үйрөнөсүң. Силерден улуулардын көргөн-билгендери көп, тажрыйбасы бай. Ошондуктан алардын жаштарга, өз балдарына айтар кеп-кеңеши, үйрөтөр өнөрү да арбын. Айрыкча алар картайган кезде жакшы каралаш, кейитпе, көңүлүн көтөрүп, кубант, ден соолугун сакта. Улууга - урмат, кичүүгө ызаат деп айтылат кыргыз элинин макалында, өзүңдөн улууларды сыйлабасаң, өзүңөн кичүүлөр да сени сыйлабайт.

Вас заинтересует